super.kg logo
  Спорт  

Спикер көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө 300 миң сом каражат бөлөрүн убада кылды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 10-августта II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган көк бөрү боюнча улуттук курам менен жолугушту. Иш-чарага “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери, Көк бөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев да катышты. Бул тууралуу спикердин басма сөз катчысы Мирлан Токталиев билдирди.

Турсунбеков кыргыз эли ат жалында ойногон чапчаң жигиттерге – көк бөрүчүлөргө сый-урмат менен мамиле кылып келишкенин, алар улуттук оюндарды улап, кийинки муундарга эле калтырбастан, эли-жерин сырткы душмандардан дагы коргоп келгенин белгиледи. Ошону менен катар Чыныбай Турсунбеков кыргыз эли көк бөрү оюну менен адамзат маданиятына салым кошконун көрсөтүп келе жатканын айтып, көк бөрүчүлөргө кыргыз парламенти дагы колдоо көрсөтөрүн, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында баш байгени колдон чыгарбайт деп бекем ишеним артарын билдирди.

Маалым болгондой, улуттук курам өлкөнүн алдынкы беш командасынан тандалып алынган жана бир айдан бери машыгуулар жүргүзүлүп келет.

Спикер башка жумуштарын, үй тиричилигин мындай коюп, Кыргыз Республикасынын намысын коргой турган, көз кубанткан балбан жигиттерге ак жол каалап, бата тиледи. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө 300 миң сом каражат бөлүнөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.08.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
алга кок боручулор...негизи мамлекеттер коп келив жатканы аябай кубандырат...айрыкча Америка материгинен и европаданда
10.08.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Канча мамлекет коп катышса ошончо жакшы.Кыргызстан буткул дуйного дунгуройт эле.
10.08.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат окумот тура менин кыялымдагы нерсени аткарыптыр чындыгында биздин кок бору ойногон жигитерди коптору таный бербейт ошондуктан буларды маданият жака конок кылып чакырып туруш керек квн тамашоу Ермек нурбаевка кайрылат елем жалан фудбол ырчыларды чыкыра бербей ушул ер ойюнун ойногон кок борунунда жигиттерин чакырып калыстар тобуна кошуп койгулачы
10.08.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул кок бору оюну кандай сонун оюн, абдан кызыгуу менен кутуп кором, ар бир оюнун. Сонун оюнчуларыбыз бар биздин, кочмондор оюнунда
казак оюнчулар коркуп баш тартышты эле, быйыл эмне болушар экен. Рахмат мамлекетке бир аз болсода, кыргыз спортуна конул буруп атат, ушуга да тобо кылалы Алла ыраазы болсун.
11.08.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят болбой откоруп алалы, анан дагы кочмондор оюну болгон жерди жергиликтуу бийлик колго алып маданий жерге айлантса болот, таштандыга айландырбай, канчалаган акча коротулуп атат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: