"Тамашоучу" Кубанычбек Курманбеков уулдуу болду

Бүгүн, 10-августта "Тамашоу" долбоору аркылуу калың элге таанылган Кубанычбек Курманбеков уулдуу болду. Кубанычтуу кабары тууралуу SUPER.KG`ге бөлүшкөн "тамашоучу" мындай дейт: "Жубайым бүгүн саат 14:00 чамасында көз жарды. Учурда келинчегимдин да, баланын да абалы жакшы. Аябай толкунданып турам. Ата болгондогу сезимдерди сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес экен. Ата болгондор гана мени түшүнө алышат. Азырынча уулума ысым тандай элекпиз. Ысымды чоң атасы менен кеңешип коёбуз".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
2

Ыймандуу жигиттерден болсун