super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 11-АВГУСТ: "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" аталган Мирбек Атабеков 30 жашка толду

 

"Супер-Инфонун" тандоосу боюнча 3 жолку "Жылдын мыкты ырчы мырзасы", "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарынын ээси Мирбек Атабеков бүгүн, 11-августта 30 жашка толду.

Ал Талас облусунун Жон-Арык айылында төрөлгөн. 1993-жылы өзү жашаган айылдагы мектепке кирип, ошол эле мектептен 6-классты аяктап, Бишкекке бир туугандары менен көчүп келген. Мектепти аяктагандан кийин Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин экономика факультетине тапшырган. Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, ийгилик жараткан. 2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдынкы орундарды камсыздаган. 2006-жылы продюсер Канат Култаев менен иштешип, экинчи ыры "Сени гана" деген аталыш менен көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. 2007-жылы "Не моя" аттуу ыры өлкөнүн бардык радиолорунда жаңырып, көптөгөн кыргыз жаштарын өз өлкөсүнүн эстрадасына кызыктыра алган. Ошол эле жылы Мирбектин биринчи жеке концерти 3 күнгө уланган.

11-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: