super.kg logo

Ысык-Көлдө тарыхый "Үркүн" көркөм тасмасы тартылып бүттү

 

Ысык-Көлдө тарыхый "Үркүн" көркөм тасмасы тартылып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына тасманын продюсери Мухтар Атаналиев билдирди.

Аталган тасма Ысык-Көлдүн Дархан айылында, Саруу айылынын Жыл-Куу тоосунда тартылган. Көркөм тасманы тартууда Медин Учкеев башкы режиссёрлук кылган.

"Буга чейин тарыхый окуяны камтыган "Үркүн" тасмасын тарталы деп мерчемдеп келгенбиз. Ушул жылы олуттуу ишке киришип, жыйынтыктадык. Кийинки муун тарыхыбызды билсин, унутта калбасын деп 1916-жылдагы каргашалуу окуяны тасмага тартууну эп көрдүк. Башка эл "кыргыз эли Советтер Союзунун учурунда да, азыр да жакшы жашап жатат" деп айтышы мүмкүн. Тасма аркылуу биз бүгүнкү жакшы жашоого кыйынчылыктар жана күрөш менен жеткенибизди чагылдырууну максат кылдык. Тасманын тартылышына "Саякбай" манасчылар коому көмөк көрсөтүштү", - дейт Атаналиев.

"Тасманы тартуу иштери 2015-жылдын сентябрь айында башталып, бүгүнкү күндө толугу менен бүттү. Учурда үн берүү, монтаждоо иштери башталган. Монтаждоо иштери бүтсө, тасма канча сааттык экени, коомчулукка көрсөтүлчү убакыты белгиүү болот", - деп кошумчалады тасманын экинчи режиссёру Бурул Асылбекова.

Фильмдин башкы каарманын Жаштар театрынын актёру 23 жаштагы Кымбатбек Алимжан уулу аткарганы маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
11.08.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эфирден чыгышын чыдамсыздык менен кутобуз. Ушул тасманы тарткандарга терен ыраазычылык!!! Иштерине ийгилик. М. Атаналиевден Аллах ыраазы болсун!
11.08.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ооба эми мектептерге барып заставить этип койгула...
13.08.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jiku_83,корбой кой сени эч ким заставить этпейт,,а мен балдарыма мектепке койсо биринчи очиред белет сатып берем и озум кутуп кызыгуу менен коргум келип жатат,,былжырайсын бу жеге:-):-):-)
11.08.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвага да келип койгула коробуз кинону кутобуз.
11.08.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан дагы тарыхта кандай болсо ошондой тартылса болду. Тарыхыбыз озгортуп алып уят болбойлу кийинки муундарга. Тарыхый мындай кинолорду тартууда ото кылдаттык керек!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: