super.kg logo
  Саясат  

ЖКда Ахматбек Келдибековду комитет төрагалыгынан кетирүү демилгеси көтөрүлүүдө

 

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жабык жыйынында аталган комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибековду комитет төрагалыгынан кетирбөө чечими кабыл алынды. Ага 14 депутаттын ичинен 10у "макул" деп добуш бергендиги белгилүү болду. Эскерте кетсек, буга чейин Келдибековду комитет башчылыгынан кетирүү демилгесин коалициялык кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков көтөрүп чыккан. Турсунбековдун айтымында, Келдибековдун аталган комитетти жетектөөгө моралдык укугу жок. Анткени ал ЖКнын төрагасы болуп турганда КРнын Эсептөө палатасына кысым көрсөтүп, ал мекемеге "ата журтчу" Марат Султановдун талапкерлигин сунуштаган. Ал эми комитет кабыл алган бүгүнкү чечимди парламенттеги көпчүлүк коалициянын төрагасы Феликс Кулов "юридикалык күчкө ээ эмес" деп баалады. Куловдун айтымында, Келдибековдун тагдырын парламент чечет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: