super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Эркелеп" клибин тартып бүткөн соң ооруп калгам" дейт ырчы Иса Өмүркулов

 

Иса Өмүркуловдун "Эркелеп" клибинде ырчынын ырдоо таланты эле эмес, канчалык деңгээлде бийлей алары да көрсөтүлгөн. Клиптин идеясы ырчы менен режиссёру Алмаз Кудайкуловго таандык.

Иса Өмүркулов клип тартылгандан кийин ооруп калганын айтат: "Аталган клипти тартып жаткан маалда Орозо айы болчу. Тартуу иштери эртең мененки саат 10до башталып, түнкү 12ге чейин уланган. Съёмкага алаксып оозума наар албай тартылып, кечинде үйгө келгенде дароо кулагам. Анын үстүнө ысыкта ырдап-бийлеп жатып акырында ооруп калгам. Сулуулук курмандыкты талап кылгандай эле, чыгармачылык да ошондой эле курмандыктарды талап кылат экен. Клип бир күндө тартылып бүткөн.

Учурдан пайдаланып клипти тартууда көмөк көрсөткөн бардык досторума, катышуучуларга, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдире кетейин".

Иса Өмүркуловдун "Эркелеп" клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: