Бишкек. Өлкө башчыны "адамдар менен сүйлөшкөндү билбейт, ал чүпүрөк" деп, милиция кызматкерлерин да кемсинткен жаран боюнча иликтөө иштери жүрүүдө
Бишкекте өлкө башчыны "адамдар менен сүйлөшкөндү билбейт, ал чүпүрөк" деп, милиция кызматкерлерин да кемсинткен жаран боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Учурда видеодо өлкө башчыны жана милиция кызматкерлерин кемсинтип, сөгүнгөн жаран боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Анын өздүгү жана окуя кайсы жерде болгону аныкталууда. Бул окуя боюнча иликтөөнү КРнын Ички иштер министри К.Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Айта кетсек, бүгүн интернетте белгисиз кыргыз жараны орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан.
Өлкө башчыны "адамдар менен сүйлөшкөндү билбейт, ал чүпүрөк" деди

видеосу отто эле жамандаптыр
Колдонуучулар арасында түшүнбөстүк жараткан билдирүү жазууга, жеке айтышууларга тыюу салынат!
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Порталдын эрежелерин сактагыла!
! Минустарды коро бер эми хе хе