Иззат Артыков 4 жыл бою ай сайын 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алмакчы

Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган Иззат Артыковго каралган стипендия тууралуу маалымат берилди. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинованын айтымында, спортчуга өмүр бою ай сайын 15 миң сом өлчөмүндөгү стипендия каралган. Ошондой эле 4 жыл бою (1 олимпиадалык цикл) ай сайын 45 миң сомдон жогорку категориядагы стипендия алмакчы. Буга катар агенттик тарабынан Иззат Артыковго "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамы берилет.
Кошумчалай кетсек, спортчуга өкмөт тарабынан 3,5 миллион сом, мэрия тарабынан 1 батир, Улуттук Олимпиада комитети тарабынан 1 батир жана 1 автоунаа убадаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Менда балдарымды спортко берем
Азамат жигит!!!