Мамлекеттик чек араны бузууга аракет кылган тажик жараны кармалды
Мамлекеттик чек араны бузууга аракет кылган тажик жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Тажик жараны 11-август күнү “Чалдыбар унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында кармалган. Анын документин текшерүү учурунда мурда кыргыз жаранына берилген жасалма паспортту көрсөткөн. Ал сурак учурунда Казакстанга жумуш издеп баратканын айткан. Тиешелүү документтер толтурулуп, тажик жараны УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.