super.kg logo

Казакстанда 3 адам социалдык тармактарда терроризмге үгүттөгөндөрү үчүн соттолушту

 

Кечээ, 11-августта Казакстандагы Актөбө шаарынын соту интернеттеги социалдык тармактарда терроризмге үгүттөгөн 3 адамды темир тор артына жөнөттү. Бул тууралуу "Интерфакс-Казакстан" жазып чыкты.

"Соттун чечими менен Шалкар районунун 3 тургуну 256-берененин 2-бөлүгү (ММКлар аркылуу терроризмди үгүттөө жана коомду терроризм актысын ишке ашырууга чакырык) боюнча күнөөлүү деп табылды. Торебай Мажитов жана Еркожа Амангожин 8 жылга эркинен ажыратылышса, Мейрамбек Турганбаев 6,5 жылга кесилди. Андан тышкары соттолгондордун мүлктөрү конфискацияланды", - деп жазган басылма.

Иликтөө иштеринде Торебай Мажитов Абухолид Абдумаджид ысымы менен социалдык тармакта баракча ачып, тааныштарына диний темалардагы тексттерди жиберип, азаптуу өлүмгө чакырык кылганы белгилүү болгон. Андан соң Еркожа Амангожин жана Мейрамбек Турганбаев менен биргеликте WhatsАpp тиркемеси аркылуу чакырыктарын улантышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.08.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мына буларда аттарын толук жазат экен.. Эмнеге бизде А.Б же В.Г деп эле койот? Же жашырып ишти жаап салабы? Же Акчасын алып коё береби??? ЖооПсуЗ СурОоЛор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: