15-апрелде "Сен сүйгөн кыргыз макалы" сынагынын жеңүүчүлөрү белгилүү болот
15-апрелде Бишкек шаарында “Сен сүйгөн кыргыз макалы” аттуу сынактын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Бул тууралуу Жаштар, миграция жана эмгек министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Айтылгандай, сынакка жалпы 400 эссе кабыл алынган. Иш-чаранын негизги максаты - кыргыздын макалдарын камтыган эссе жазуу менен тарбиялык мааниге бай макал-лакаптарга жаштарды кызыктыруу болуп саналат. Эске салсак, сынак 19-январда башталган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.