Ош. Төрөткана кызматкери түйүлдүктү таштандыга ыргытканын мойнуна алды
Төрөткана кызматкери түйүлдүктү таштандыга ыргытканын мойнуна алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Төрөткана жетекчилиги кызматкеринин кылыгын жашыруу аракетин көрүүдө. Ошол жакта иштеген тазалык кызматкери өзү жазган түшүнүк катында түйүлдүктү алып, таштандыга ыргытканын жазган. Азырынча кылмыш иши козголо элек", - деп билдиришти Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан.
Буга чейин Ош облустук төрөтканасынын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева түйүлдүк төрөткана кызматкери тарабынан ыргытылбаганын жана бир тууган эжесине берилгенин айткан эле.
Айта кетсек, 10-август күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынын Байтемиров көчөсүндөгү окуу жайлардын биринин тушунда жайгашкан таштанды таштоочу жайдан ак түстөгү материалга оролгон ымыркайдын жансыз денеси табылган. Ымыркайдын 5 айлык экени аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну кармалган. Анда ал өз эрки менен боюнан алдыртканын айткан. Ал эми Ош ШИИБи түйүлдүк төрөткана кызматкери тарабынан ыргытылганын билдирген болчу.

Бироого зар,бироого кор дуйно,
Байкуш наристе,бул жашоону корсо болмок.
Эне жытын жыттаап,ак сутуно тойсо болмок.
Таштандыга ыргытбастан кукук эне.
Жылуу уйдо,мээрим тогуп бакса болмок!
Мейли эгер,адамча ал колунан келбесе.
Мусулсанча жер жашырып,топурака берип койсо болмок!