super.kg logo
  Саясат  

Түркиянын өкмөт башчысы: "Манастагы" АКШнын аскердик базасынын тагдырына Түркия кийлигишпейт"

 
Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Ага "Сиздин Кыргызстанга болгон иш сапарыңыздын максаты - "Манастагы" аскердик базаны калтырууну сүйлөшүү деген маалымат айтылууда" деген суроо берилди. Эрдоган мырза муну четке кагып "Бул суроо Түркиянын маселеси эмес, аскердик база тууралуу сүйлөшүү болгон жок",- деп жооп берди. Ал эми "Түркия Кыргызстанга канча көлөмдө иннвестиция салышы мүмкүн?" деген суроого "Эгерде инвесторлор үчүн бардык шарттар түзүлгөн болсо, кечээ мени менен кошо Түркиядан келген 104 ишкер инвестиция салууга даяр. Кыргызстанда байлык көп, "Суу агып жатат, кыргыз карап турат" деген макал бар. Аны "суу агып жатат, кыргыз иштеп жатат" деп өзгөртүүгө жетишүү керек. Жакынкы арада сууга болгон баа өсөт, ГЭСтерди куруу да маанилүү",- деп жооп узатты Эрдоган.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: