3099 жаш мугалим жумуш орду менен камсыз болду
Жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги жаш мугалимдерди өтүнмөлөргө ылайык аймактарга бөлүштүрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 12-августта билдирди.
"56 райондук жана шаардык бөлүмдөрдүн өтүнмөлөрү боюнча, ай сайын бош орундар тууралуу маалымат жыйналып турат. Анда мектептердин штаттык жүгүртмөлөрү, райондук борборго чейинки аралыгы, милдеттер, окутуунун тили, үстөк төлөмдөр, жаш адистер үчүн жеңилдиктер жана үй менен камсыздыгы эске алынат", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик бул жаатта 12 ЖОЖ жана 4 орто кесиптик окуу жайы менен иштешери маалым болду. Жаш мугалимдерди бөлүштүрүүдө алардын каалоолору да эске алынып, "Жумушка жолдомо" баракчасы берилет.
2015-2016-окуу жылында 3868 бүтүрүүчү болду. Бөлүштүрүүнүн жыйынтыгы боюнча 3099уна жумушка жолдомо берилип, иш оруну бөлүндү. Жаш мугалимдер сентябрь айында иш ордуларына барышат.


свет жана отун суу бекер болчу.Окуучуларга берген сааты башка мугалимдерге окшоп эле толончу.Азыр кайдагы категорияны чыгарып алганын билбейм.Жаш мугалимдер жаны ой,жаны технологиялар менен барчу эле.Жаш мугалимдерди кубанып тосуп алчу эле.