Футболчу Лионель Месси Аргентина курамасына кайтканын жар салды

Аргентина курамасынын лидерлеринин бири Лионель Месси улуттук курам үчүн ойноону улантарын жар салды. Футболчунун мындай чечим кабыл алганы тууралуу расмий маалыматты Аргентинанын Футбол ассоциациясы кабарлады.
"Мен Аргентина футболунун дагы бир көйгөйү болгум келген жок. Мен өз өлкөмдү сүйөм жана Аргентинанын формасын кийүү мен үчүн сыймык. Менин улуттук курамга кайтып келүүмдү каалагандарга рахмат айтам. Жакын арада сиздерди кубандырам", - деген футболчу өз сөзүндө.
Кошумчалай кетсек, Месси "Америка Кубогу-2016" мелдешинен кийин улуттук курам үчүн ойноону токтоторун билдирген. Мелдештин финалында Месси баштаган аргентиналыктар Чили курамасына утулуп калышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Эми Мундиалдын финалында Португалия менен беттешуунду кутуп калабыз...
кетем деп айтпа да, айттынбы демек кайра кайтпа
Тушунбосонор жазбай эле койгула да.Пиары жок номер биринчи футболдун кудайы,падышасы ушул