super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-АВГУСТ: 42 жыл мурун Фрунзеде “Айчүрөк” борбордук дүкөнү ишке кирген

 
42 жыл мурун, тактап айтканда, 1974-жылы 14-августта Фрунзеде “Айчүрөк” борбордук дүкөнү ачылган. Менчиктештирүү жаңыдан башталган 1992-жылдын 7-августунда "Айчүрөк борбордук универсал дүкөнү – ЦУМ" ачык акционердик коомуна айландырылган. Аз өтпөй өкмөт өзүнө тийиштүү 26,22 пайыз акциясын 1998-жылдын 27-октябрында сатууга коюп, аны италиялык "Кэвитал" компаниясы утуп алган. Италиялык ишкер Жоржио Фиаккони универсал дүкөнгө 2,5 миллион доллар инвестиция алып келүү убадасын берген.
Италиялык ишкердин көзгө көрүнөрлүк жумушу "Айчүрөк борбордук универсал дүкөнүнө" кошуп 2003-жылы "ЦУМ-Холдинг", андан соң "ЦУМ- Арбат" жоопкерчилиги чектелген коом түзгөндүгү болгон.
14-августтун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.08.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир убактар Фрунзенин эн корком имараттарынын бири жана эл коп келуучу жай болгон. Азыр деле жаман эмес ко, бирок заман озгоруп, ЦУМ да озгорду, илгерки Айчурок дукону ж.б. эскеруулор чон муунда гана калды... Мен ошол доорду кинолордон коруп сагына берем... Ким эмне деп жамандаса да (оз тушунугу, кругозоруна жараша) Союз убагындагы Кыргызстан жомоктордо айтылуучу "ак тоонун карды жарылган" же "кой устуно торгой жумурткалаган" заман болгон экен... Эсил кайран СССР...
14.08.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бала чакта ушул "Айчурокко" коп барчуу элек. Кандай гана сонун дукон эле. Азыр ал дуконго барсам эле,Ошол балачак, бактылуу кездер эске тушуп,журогум бир тыз этип "аттин"- деп алам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: