Рио-2016: Арсен Эралиев кытайлык спортчуну утуп, коло медалга карай кадам таштады





"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында учурда грек-рим күрөшү боюнча 59 жана 75 килограмм салмактарда жеңүүчүлөр аныкталып жатат. Кыргыз спортчусу Арсен Эралиев 59 килограмм салмакта кармаш өткөрүүдө.
Спортчубуз алгачкы беттешинде учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулуп калган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн кармаш өткөрүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта алгач спортчубуз кытайлык балбан Ванг Люмин менен беттешти. Анда 4:2 эсеби катталып, Эралиев жеңишке жетишти. Эми анын кезектеги атаандашы өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадов болмокчу (беттешке Бишкек сааты боюнча 2:00дө старт берилет).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Судя бул ХХХ экен
Арсен арекет кылса болмок партерге турбого эскерту албоого коргонуда болду жалан судя ко т экен Арсен керектуу жерден иштеп кетти8упайды коргонуп жатып