super.kg logo
  Саясат  

Оштогу Барак анклавына гуманитардык жардам жеткирилди

 

Ош облусундагы Барак анклавынын жашоочуларына 10-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кушбак Тезекбаев баштаган ыкчам топ жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү гуманитардык жардам жеткиришти. Бул иш-чара премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен ишке ашты. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, жардам катары үй-бүлөлүк гигиеналык каражаттар, 1600 килограмм кургатылган жемиш, 17672 литр күйүүчү май жеткирилди. Ал эми Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан 1 тонна пахта үрөнү, 2 тонна жүгөрү үрөнү, 10 тонна жер семирткич берилди. Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 10 тонна ун бөлүндү.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: