super.kg logo

"Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл" жана "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" коллекциялык күмүш тыйындары жүгүртүүгө чыкты

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бүгүн, 15-августтан тарта "Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл" жана "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" коллекциялык күмүш тыйындарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу бүгүнкү жыйында белгилүү болду.

“Бул тыйындар Улуттук банк тарабынан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына байланыштуу маанилүү тарыхый окуяларды кеңири таанытуу, дүйнөдөгү калктардын улуттук спорт түрлөрүн кайрадан жандандыруу жана өнүктүрүү максатында чыгарылган. Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданият мурасын көргөзгөн коллекциялык тыйындар жаштарды патриоттуулукка жана атуулдук ар-намыска тарбиялоону көздөйт”, - деди Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Шамил Айдаркулов.

"Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл" тыйынынын алдынкы бетине түшүрүлгөн боз үйдүн түндүгү ортосунда жайгашып, туш-тушка чачырап тийген күн нурунун алкагында канатын кере жайган бүркүттүн элеси Кыргыз мамлекетинин жана элинин эркиндигин даңазалайт. Тыйындын сол жагында "25" деген сан жайгашкан. Тыйындын кырында тегерете "Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл/ Независимой Кыргызской Республике - 25 лет" деген жазуулар түшүрүлгөн. Тыйындын арткы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, сол тарабында металлдын сапат белгиси (Ag 925°), ал эми оң тарабында тыйындын салмагы көрсөтүлгөн (31,10 г). Жогорку бөлүгүндө чыгарылган жылы (2016), төмөн жагында тыйындын номиналы көрсөтүлгөн (10 сом).

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" тыйынынын алдынкы бетинде көчмөндөр оюндарынан сюжеттер чагылдырылган. Тыйындын ортосунда тампондук ыкмада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби түшүрүлгөн. Тыйындын кырын тегерете "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/ World Nomad Games" жазуусу, ал эми төмөн жагында тыйындын номиналы (10 сом), тыйындын салмагы (31,10) жана металлдын сапат белгиси (Ag 925°) көрсөтүлгөн. Тыйындын арткы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана көчмөндөрдүн ыйык турагы – боз үйдүн элеси чагылдырылган. Тыйындын чыгарылган жылы төмөнкү бөлүгүндө көрсөтүлгөн (2016).

Жогоруда айтылган тыйындардын баасы азыркы учурдагы күмүштүн баасына барабар. Ошентип, "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" тыйынынын баасы 2700 сом болсо, "Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл" тыйынынын баасы 2500 сомду түздү.

Ошону менен бирге жакынкы аралыкта "Жусуп Баласагын" жана "Айгүл гүл" аттуу коллекциялык тыйындарын чыгаруу пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.08.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn tyiyndardy da 4ygarywpaiby
16.08.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча турат ошону жазгыла сураныч!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: