super.kg logo

Лейлек району II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 300 килемди көргөзмөгө алып чыгат

 

Лейлек району II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 300 килемди көргөзмөгө алып чыгат. Бул тууралуу Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Фарида Баетова билдирди.

"Көчмөндөр оюндарына карата кызуу даярдыктар көрүлүп жатат. Бул жолу Лейлек районунда жеке ишкерлер тарабынан колго токулган түрдүү көлөмдөгү 300 килемди жалпы коомчулуктун алдына көргөзмөгө алып чыгабыз. Көргөзмөгө коюлуучу килемдер улуттук чийүүлөр менен улут жүзү даңазаланып, жасалгаланган. Мындан сырткары 4 боз үй тигип, маданий сынакка да катышабыз", - дейт Баетова.

Бүгүнкү күндө Лейлекте II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата "Ыр кесе" маданий кечеси айылдар арасында өткөрүлүп жатат. Ийгилик жараткандар Ысык-Көлдө өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Ал эми Ош облусунун Ноокат району оюндун жүрүшүндө байыркы кыргыздын буюмдарын көргөзмөгө алып чыгууга камданууда.

"Учурда кызуу даярдыктар көрүлүп жатат. "Хан ордодо" боз үй тигүү боюнча маданий сынакка эки боз үй менен катышабыз. Тигилген боз үйгө ата-бабалар колдонуп жүргөн байыркы буюмдардын көргөзмөсүн уюштурмакчыбыз", - дейт Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.08.2016. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлегим алга онорун оркундой берсин.
17.08.2016. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лейлек лейлек лейлеееегимди сагындым
17.08.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Былтыр эле кочмондор оюну болду эле,эми быйыл да элди журтту кыйнашып кочмондор оюну деп.Башка кучтуу мамлекеттер да откорсо болот эле,мисалы Туркия,Казакстан ж,б лар.Олкобуз чама чаркытына карап,алына карап иш кылыш керек да.Ана Рух ордону кечээ суу чацып кетти,анын да кесепеттерин жою керек.
17.08.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Labadax, эл журт сенин уйуно келип, биз кочмондор оюнунунан кыйналып атабыз дедиби сага. Жон эле суйлой бербечи.Бул оюн бизди дуйного таанытат, анын бизге пайдасы тийет. Туристер коп келе башташат, пайдасы чон эле, сага окшогондор муну жуз уктап турушсада тушунушпойт.
17.08.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлектин туугандар Лейлегимди сагындым дейсинер ал эмне учун анда жеринерди уйунорду тажиктерге сатып Чуйго кочуп барасынар капа болбогула бул ачуу чындык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: