super.kg logo

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга протоколдор түзүлдү

 

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүшүп, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык нормаларын бузгандарды аныкташты.

Зелёная көчөсүндө (Куруучулар шаарчасы) жайгашкан дүкөндүн айланасында чөптөр чабылбай, санитардык нормалар сакталган эмес. Жумабек көчөсүндөгү айнек идиштерди кабыл алуу пунктунун жана Лермонтов көчөсүндөгү "Таатан" соода борборунун айланасында санитардык эрежелер бузулуп, таштандылар баш аламан ыргытылып, аларды чыгарууга келишим түзүлбөгөндүгү аныкталган. Курманжан датка көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин жашоочулары жолдун жээгине курулуш таштандыларын ыргытып, калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузган”, - деп айтылат шаардык мэриянын маалыматында.

Мэриядан аталган даректердин ээлеринин аттарына Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин №489-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилгенин кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: