super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-август: 26 жыл мурун атактуу ырчы Виктор Цой жол кырсыгынан каза болгон

 
Виктор Цой
Марьяна (аялы), Виктор жана Саша Цой (уулу). СССР, 1985-жыл.
Виктор Цой
Виктор Цойду акыркы сапарга узатуу зыйнатына чогулган эл.
Анын бейитине азыркыга чейин угармандары келип ырларын ырдашат.
Угармандары Цой каза болгон жерге да келип аны эскеришет.
Үстүбүздөгү жылы ырчынын туулган күнүнүн алдында анын дубалына "Цой өлгөн" деген жазууну жазып кетишкен. Бул кадам көптөгөн угармандардын кыжырын келтирип, жазууну жазгандарды жазалоону талап кылышкан.
Москвадагы Виктор Цойдун дубалы
"Виктор" тобунун солисти Асхат Калбаев

Советтик рок-музыкант, ырлардын автору жана сүрөтчү, легендарлуу “Кино” рок-тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси Виктор Цой Ленинград шаарында туулган. Сүрөт тартуу жагынан таланттуу бала 8-классты аяктагандан кийин өз каалоосу менен Көркөм сүрөт орто окуу жайына тапшырган, бирок бир жылдан кийин окуудагы жетишпегендиктери үчүн мектептен чыгарылган. Виктор Цой Максим Пашков менен биргеликте “Палата №6” тобун түзгөн. 1979-жылы №61-кесиптик-техникалык орто окуу жайынын токой кесүүчүлүк тармагына тапшырган. Бул кесиби боюнча 1982-жылы ишке орношуп, бирок ошол учурда эле ырчылык талантын такшалтып, “Гарин и гиперболоиды”, “Кино” аттуу музыкалык топторун түзүүгө жетишкен.

Кыска өмүрүндө бардык тармактан өзүн сынап көргүсү келген Виктор сүрөт тартып, чыгарма жаратып, ырдагандан тышкары киного тартылууга да үлгүргөн. Ал тартылган “Конец каникула”, “Асса”, “Игла”, “Последний герой” аттуу фильмдери Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөргө кеңири тараган. Айта кетчү нерсе, актёр катары эмес, жөн гана ырчы катары тартылууну каалаган Виктор Цой бардык кинолордо өзүнүн гана образын жараткан. “Игла” кинотасмасы Алматы шаарында тартылып, ырчыга өз мекенинин абасы менен дем алып, туугандары менен таанышууга чоң шарт түзүп берген. Цойдун эң популярдуу “Ночь”, “Это не любовь”, “Звезда по имени солнце”, “Группа крови” альбомдору эң популярдуу болгон.
Виктор Цой 28 жаш курагында 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат алтыларда жол кырсыгынан каза тапкан. Күнүгө таң заардан балык уулоону адатка айландырган ырчы бул жолу да ошол тарапка кетип бараткан. Москвич-2141 машинасын саатына 130 чакырым ылдамдык менен айдап бараткан жеринен Икарус автобусу менен кагылышкан жана ошол жерден эле каза тапкан. 19-августта Виктор Цой Ленинграддын Богословск көрүстөнүнө коюлган.
Виктор Цойдун өлүмү бардык күйөрмандары үчүн катуу сокку болгон. Бир нече угуучусу жадакалса өз жандарын кыюуга кадам шилтеген. Цой менен коштошууга анын миңдеген күйөрмандары келген.
Анын ырлары англис, корей, ал эми учурда кыргыз тилине да которулуп ырдалып жатат. Эскерте кетсек, Бишкекте жакында эле ырчынын элесине арналган концертин санкт-петербургдук "Виктор" тобу тартуулаган. Бул топтун солисти Асхат Калбаев Ош шаарында төрөлгөнүн кошумчалайбыз. Асхат Калбаев Виктор Цойдун угармандарына SUPER.KG аркылуу кайрылуу жасады:
"Урматтуу окурмандар! 26 жыл мурун, 15-августта жол кырсыгынан акын, музыкант, "Кино" тобунун лидери Виктор Цой каза болгон. Жыл сайын дүйнө жүзүнөн Санкт-Петербургга рок легендасын эскерүүгө келишет. Убакыт өткөн сайын аны кадырлагандардын саны көбөйүүдө. Салтка айлангандай, жыл сайын Санкт-Петербургда 21-июнь - туулган күнүндө жана 15-августта эскерүү үчүн концерт коёбуз. Бул ирет да концерт иш күнүнө туура келгенине карабай залдын ичи толду. Концерт маалында күйөрмандардын баары Виктор Цойдун ырларын биргеликте ырдап жатышты. Анын ырлары ар дайым жашайт! Окурмандар, силерге чыныгы жана жүрөктөн чыккан чыгармаларды угууну каалайм".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: