Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын күжүрмөн даярдыгын текшерген аскердик жөө жүрүш старт алды
Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын күжүрмөн даярдыгын текшерген аскердик жөө жүрүш старт алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аскердик жөө жүрүшкө миңге чукул кызматкерлер чыгышкан. Иш-чара облустук деңгээлде өткөрүлүп, облустун аймагындагы райондор катышууда.
"Иш-чаранын негизги максаты - кылмыштуулукту болтурбоо, ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак болуу жана күч түзүмдөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу. Аскердик жүрүшкө укук коргоо органдары, фискалдык күч түзүмдөрү катышууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-11-09
15:57
2025-11-09
15:47
2025-11-09
15:11
2025-11-09
14:28
2025-11-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















