Рио-де-Жанейро. Олимпиада өтүп жаткан жерде камера кулап, 7 адам жабыркады
Рио-де-Жанейродо Олимпиада өтүп жаткан жерде камера кулап, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, анда көрүүчүлөрдүн үстүнө өйдө жакта турган телекамера кулаган. Анын кесепетинен 7 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Алардын бешөө жеңил жаракат алса, экөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн. Белгилүү болгондой, кырсык болгон учурда баскетбол боюнча мелдеш өтүп жаткан.
Кырсыктын келип чыгуусуна камерага байланып турган эки кабелдин үзүлүп кеткени себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

мына башталат деп атканда жерге кафель тошоп, кайсы бир олконун спортсмендери жашай турчу зданиянын свети жок болуп