Рио-2016: Балбан Руслан Царев башка балбандар сыяктуу эле Олимпиада менен кош айтышты

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча килемге чыккан балбан Руслан Царев оюндардын эшигин жапты. Спортчу 66 килограмм салмакта алжирлик Тарек Азиз Бенайсса менен беттешип, утулуп калган (6:0 эсеби катталды). Муну менен Руслан алтын же күмүш медаль тагынуу укугунан ажыраган, бирок атаандашы финалга чыкса, коло үчүн кармашууну улантмак. Тилекке каршы, Тарек Азиз Бенайсса чейрек финалда азербайжандык Расул Чунаевге утулуп калды. Ошентип, Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов сыяктуу эле Руслан Царев да байгеден куру жалак калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Арсенин слабак
Ошончо барган сон жениши жок келгени уят эле болду