super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Укук коргоо жана текшерүүчү органдардын ачык-айкын эмес иш алып баруусу жалпы мамлекеттик бийлик тутумуна көлөкө түшүрүп жатат"

 

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Айбек Кадыралиевди кабыл алып, аталган кызматтын токтоосуз чечимдерди талап кылган милдеттери жана пландары тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, ведомствонун жаңы жетекчилиги алдында өлкөнүн укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланышкан милдеттер турат.

"Коргоо кеңешинин чечимдерине ылайык, өлкөнүн укук коргоо органдарынын тутумун реформалоонун негизги максаты экономикалык кылмыштар боюнча жалпы функцияларды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүп берүү болуп саналат. Буга байланыштуу аны ишке ашыруу боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүү, кызматтын иш принциптерин карап чыгуу зарыл", - деп белгиледи Жээнбеков.

Ал калктын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка ишеним деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын баса белгилеп, негизги милдеттердин бири катары өлкөгө тартылган инвестицияларды коргоо эсептелиши зарылдыгын билдирди.

"Бизнес-түзүмдөр тараптан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ишине карата көптөгөн сын-пикирлер айтылууда. Укук коргоо жана текшерүүчү органдардын ачык-айкын эмес иш алып баруусу жалпы мамлекеттик бийлик тутумуна көлөкө түшүрүүдө. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жүргүзүү үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин эрки жана ишке болгон ак ниеттүү мамилеси керек. Натыйжада калктын аталган органга карата болгон ишеними жогорулайт", - деди премьер-министр. Бул максатта кадрдык саясатты кайрадан карап чыгуу жана ведомствонун жеке курамынын тартибин күчтөндүрүү талап кылынат.

Премьер-министр ошондой эле республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу майлардын жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын мыйзамсыз ташылып киришине тыюу салуу жана аны аныктоо боюнча ишти күчтөндүрүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: