super.kg logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосундагы айтышка 12 кыргыз акыны катышмай болду

 

15-августта борбор калаадагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрында акындардын Х Эл аралык айтышы болуп өттү. Анын 1-турунда Кыргыз өлкөсүнөн 31 акын катышты. Айтыштын жобосу боюнча булардын ичинен 8 акын тандалып алынмак. Алар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстандан келген 8 акын менен айтышат.

Аталган айтыш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына жана "Айтыш" коомдук фондунун түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына арналып өткөрүлдү. Ага катышкан акындардын калыстарга болгон нааразычылыгына байланыштуу 8 эмес, 12 акын тандалып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүчү айтышка катышмай болушту.

X Эл аралык айтышынын тандоо турунун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду: элдин пикирин эске алуу менен 8 акын эмес, 12 акын Кырчын жайлоосундагы айтышка катышып, казактын 8 акыны менен кызуу айтыш курушат”, - деп маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Мирлан Самыйкожо 16-августта социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Айтышка катыша турган акындар:
1. Болот Назаров (56 упай);
2. Кадырбек Бейшенов (55 упай);
3. Асылбек Маратов (55 упай);
4. Чыңгыз Кожошев (55 упай);
5. Изат Айдаркулова (53 упай);
6. Аалы Туткучев (51 упай);
7. Азамат Болгонбаев (51 упай);
8. Амантай Кутманалиев (49 упай);
9. Жеңишбек Жумакадыр (49 упай);
10. Максат Кулуев (48 упай);
11. Шекербек Адылов (46 упай);
12. Идирис Айтбаев (46 упай).

Казак тараптан ким келери азырынча белгисиз. Ал эми атаандаштар Кырчында аныкталары белгилүү болду. Калыстар тобунда “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз жана маданият министри Түгөлбай Казаков болору маалым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.08.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаганат Элмирбек чыкпай калган экен да, чыкса сонун болмок .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: