super.kg logo

Нурлан Асанов: "Жеткиликтүү турак жай" долбоорун ишке ашырууда бийлик тарабынан бут тосуулар болду"

 

Бүгүн, 17-августта “Турак жай курулуш кооперативи” коалициясынын мүчөлөрү журналисттерге маалымат жыйын өткөрүшүп, анда Айнагүл Жооданбекова кылмыш иши козголгон Нурлан Асановдун кайрылуусун окуп берди.

Асановдун кайрылуусунда "Жеткиликтүү турак жай" долбоорун ишке ашырууда бийлик тарабынан бут тосуулар болуп жатканы айтылат.

2015-жылдын күз айларында Тайырбек Сарпашев менен жолугуп, жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргөн. Анда Сарпашевдин өзүнөн жер тилкесинин планын жана кызматташуунун “атайын шарттарын” алгам. Ал эми декабрь айынын аягында Пекинде кытайлык компания менен сүйлөшүп, долбоор колдоо тапкан. Бирок анда Сарпашевдин “атайын шарттары” айтылган эмес. Биз февраль айынын башында турак жайга муктаж адамдардын санын билүү үчүн Турак жай курулуш кооперативин түзүү чечимине келгенбиз. Коалиция 2016-жылдын май айынан тарта өз ишин баштаган. Алгач курулуш тармагында алектенген ишкерлер жана өкмөт жана президенттин аппаратында иштеген адамдар тарабынан бут тосуулар болду. Кийин бийликте отурган айрым чиновниктер кытайлык компания ишмердүүлүгүн башташ үчүн алгач алдын ала төлөмдөр, башкача айтканда, “атайын шарттар” аткарылышы керек экенин билдиришти. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да (Исаев, Зулпукаров, Бакиров) “пара берүү керек” деген жообун айтышты. Бул шарттарга кытай тарап көнгөн жок”, - деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле Айнагүл Жооданбекова Нурлан Асанов иш сапарында жүргөндүктөн маалымат жыйынына келе албай калганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.08.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ataiyn warttary-maga 5-6 kvartira beker beresin degendei wart bolso kerek da
17.08.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай бут тосуулардын айынан Кыргызстан онукпой келет(((
18.08.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кытай пара сурабайт булар Исаев, Зулпукаров, Бакиров. өздөрүнө сураган кыргызстанды ойлогон эмес өздөрүн ойлогон ушундайлардын айынан биз өнүкпөйбүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: