super.kg logo

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" коллекциялык күмүш тыйындары сатылып бүттү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 15-августтан тарта жүгүртүүгө чыгарган "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" коллекциялык күмүш тыйындары бир сутканын ичинде сатылып бүттү. Бул тууралуу Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Шамил Айдаркулов бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына билдирди.

Мындай окуя Улуттук банктын тарыхында болгон эмес. Коллекциялык тыйындарды сатып түгөтүү рекорддук кыска мөөнөт ичинде жыйынтыкталып, Улуттук банктын ордо калаада жайгашкан кассасында болгон тыйындар бир суткага жетпеген убакыттын ичинде сатылып бүттү. Ал бир нече себептер менен түшүндүрүлөт. Биринчиден, тыйын 1000 даанада чыгарылып, чектелүү нускада болгон. Экинчиден, тыйындын адаттагыдан башкача дизайнда чыгарылып, чарчы формада болгондугу жана андагы колдонулган технологиянын ийгиликтүүлүгү роль ойноду. Ошондой эле тыйындын чыгарылышы жакында Кыргыз Республикасында өтө турган маанилүү окуянын – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшүнө дал келишин айтсак болот. Ошол себептен дагы коомчулуктун жогорку кызыгуусун жаратып, нумизматтарга гана эмес, көркөм сүрөт искусствосун баалоочуларга да таасир этти", - дейт Айдаркулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.08.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул тыйындар жон эле сувенир болуп калса керек. Баасы канча болду экен. Корунушу кооз экен
17.08.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тегерек формада жасабаптыр,тыйынга окшотуп
17.08.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тарелкага окшошго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: