super.kg logo

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянты оңдолууда

 

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Бишкек шаардык мэриясы "Ала-Тоо" аянтында оңдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-августта билдирди.

"Бишкек-жарык" муниципалдык ишканасы жарык берүүчү плафондорду алмаштыруу, "Илбирс" имаратынын жаа өткөөлдөрүн сырдоо, 62 даана прожектор орнотуу иштерин жүргүзүүдө. "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери 9486 чарчы метр жерге көк майсан сээп, 60 чарчы метр аймакка гүл, 70 метр узундукка бадал отургузушту", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Ошондой эле гүл саатын орнотуу иштери жүрүп жатканы белгилүү болду. "Бишкек суу-канал" учурда фонтандарды оңдоп жатканын, "Бишкек асфальт-сервис" 600 чарчы метр жерге таш төшөлгө жана гранит плиталарын, "Тазалык" таштанды челектерин жана отургучтарды орнотуп жатканын мэриянын басма сөз кызматы кошумчалады. Борбордук аянтты көрктөндүрүү иштери 31-августка чейин аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.08.2016. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылда эле бузуп ондоп журо беришет экен да, же жасаган иштеринин сапаты "китайскийби" не? Кытай буюмдары сапатсыз, зато Кытайга пайда. Илгери союз убагында алынган бут кийимдер бери болгондо 3-5жылдан ашык чыдаса, кытайдын бут кийимдери 3 айга да чыдабай, кайра сатып ала берип Кытайды байыттык. Окмот дагы жылда эле "реконструкция, ремонт" деп бюджеттен акча которо берип оз чонтокторун да ар жылы тузук эле толтуруп жаткандай сыягы. Эсебин алган эч ким жок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: