Кыргыз спортчулары оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда 31-32-орундарды ээлешти
Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Асхат Анардин уулу 31-орунду ээледи. Айтылгандай, кечээ 62 килограмм салмактагы 43 спортчу күч сынашты. Анда кыргыз атлетчиси 212 килограммдык штанганы көтөрдү. Мындан сырткары дагы бир мекендешибиз Манас Стамалиев 211 килограммдык штанга көтөрүп, 32-орунду ээледи. Айта кетсек, мелдеш 14-апрелде соңуна чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.