super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынына катышат

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев сентябрь айынын соңунда АКШнын Нью-Йорк шаарында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынына катышат. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, мамлекет башчы сапар тууралуу бүгүн, 17-августта тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алууда талкуулады. Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Бишкекте өтчү жыйыны жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келчү коноктор менен жолугушууга болгон даярдыктар тууралуу маалымат алды.

Андан сырткары өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын андан ары өнүктүрүү жана негизги чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүү боюнча иш жүзүндөгү кадамдарды ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди талкуулашты.

Атамбаев алдыда боло турган маанилүү тышкы саясий иш-чараларга жогорку сапаттагы даярдык маанисин белгилеп, тышкы саясаттын негизги багыттарын андан ары өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: