Урмат Аманбаева "майрамдарда презервативдерди шар кылып үйлөп колдоно берели" деп нааразы болду
"Майрамдарда презервативдерди шар кылып үйлөп колдоно берели анда" деп нааразы болду бүгүн, 11-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Урмат Аманбаева. “1-апрелде нааразычылык акциясын уюштурган журналисттер Ак үйдүн тосмосуна презервативдерди илишти. Бул маселени карап чыгып, укуктук баа бериш керек. Же эмне, майрамдарга ал каражаттарды үйлөп шар катары пайдалана берелиби?” деди эл өкүлү. Ошондой эле депутат Алайкуунун жолун оңдоо керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, бул ишке 3 миллион сом кетет. “Бул жолду оңдоп берип коёлу же сөзсүз эле элдер митингге чыгыш керекпи?” деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

