Өмүрбек Текебаев: "Конституция өзгөрсө, Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаганына карабай өлкөнү башкарууну уланта берет"

"Эгер Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси ишке ашса, Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаганына карабай өлкөнү башкарууну уланта берет". "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мындай пикирди айткан маеги SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү.
"Атамбаев өзүнүн жардамчыларын Эсептөө палатасын, Борбордук шайлоо комиссиясын, Улуттук банкты башкарууга дайындады. Жанында жүргөн жаш жан сакчыларын күч органдарынын баарына дайындап койду. Өкмөткө да өзүнүн адамдарын койду. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, президенттикке кокусунан башка бирөө келип калса, ал булардын баарын кызматтан ала албайт. Бирок президенттикке өзүнүн адамы келип калса, анда бүгүнкү адамдар былк этпей Атамбаевсиз орундарында кала беришет. Атамбаев анда да өлкөнү башкара берет. Ага президент болуунун кажети жок, ал Арашанда жамбаштап жатып башкарат. Кыргыз мамлекетинде Конституцияда көргөзүлбөгөн жол менен башкаруу салтыбыз чоң. Ал биздин каныбызга сиңип калган. Бизде Курманбек Бакиев президент болгону менен, өлкөнү агасы менен иниси башкарган да. Аскар Акаев президент болгону менен, аялы менен күйөө балдары башкарган да", - деп мисалдарды келтирди Текебаев.
"Азыр дагы КСДП көзгө көрүнбөгөн кожоюн болуп, өлкөнү башкарып калат. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Конституцияда көрсөтүлгөн орган башкарыш керек. Баарын басып алгандан кийин эл көзүнчө "Конституция бар" деп, бирок иш жүзүндө чечимди башка жактан башка киши кабыл алса, анда кимден сурарыбызды билбей калабыз. Жогорку кызматтарга келип кеткендер куурчак болуп калышат", - деген оюн билдирди ал.
Текебаевдин мурунку премьер-министрлер тууралуу айткан ачык кеби





