Рио-2016: Балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова Европа чемпионун утуп, жарым финалга чыкты

Бүгүн, 17-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында кыз-келиндер арасында кармаштар өтүүдө. 58 килограмм салмакта балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова мелдештин жарым финалына чыкты.
Азия чемпиону, мекендештеринин сыймыгы болгон Айсулуу мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8) уткан. Чейрек финалда болсо анын атаандашы Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Олли болду. Балбан кызыбыз 14:7 эсебинде утуп, татыктуу түрдө жарым финалга чыкты. Жарым финалда анын атаандашы Орусиянын өкүлү Валерия Коблова болмокчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
15

Аллахым колдосун Кыргыз эли учун алтын алышынызга ишенебиз.
Алга.
УРААААА