Рио-2016: Айсулуу Тыныбекова 5-орунду ээлегендиги үчүн өкмөттөн 1 миллион сом акчалай сыйлык алат

Кыргыз кызы Айсулуу Тыныбекова "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында 5-орунду ээлегендиги үчүн үчүн өкмөт тарабынан 1 миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алат. Акчалай сыйлык өкмөттүн 2016-жылдын 1-февралдагы токтомунун негизинде ыйгарылмакчы.
Ал токтомдо Олимпиада оюндарында жана Паралимпиада оюндарында алдынкы сегиздикке кирген спортчулар үчүн акчалай сыйлык каралары жазылган.
Кайсы орун үчүн канча сумма каралган?
1-орун (алтын медаль) - 7 000 000 (жети миллион) сом;
2-орун (күмүш медаль) - 5 000 000 (беш миллион) сом;
3-орун (коло медаль) - 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом;
4-орун - 2 000 000 (эки миллион) сом;
5-орун - 1 000 000 (бир миллион) сом;
6-орун - 900 000 (тогуз жүз миң) сом;
7-орун - 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
8-орун - 700 000 (жети жүз миң) сом.
Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмакта килемге чыгып, мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8) уткан. Чейрек финалда анын атаандашы Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Олли болду. Балбан кызыбыз 14:7 эсебинде утту. Жарым финалда анын атаандашы Орусиянын өкүлү Валерия Коблова болуп, беттеш 4:1 эсебинде атаандаштын жеңиши менен аяктады. Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп (5:8), 5-орунду ээлеп калды.

1) Япония
2) Россия
3) Тунис
3) Индия
Кийинкиге тажрыйба топтоду буюрса.
Бирок бул да болсо биз кыргыз эли
учун чоон жениш! 1 миллион сом
Айсулууга. Айсулуунун утпай
калышына балким мамлекет
куноолуу... Бийлик куноолуу спортчуларыбызга жетиштуу конул
бурулбай, шарт тузулбогону учун.
Спортчуларыбыз жанын аябай
аракет кылышты. Бирок
мамлекеттен колдоо болбой
жатты...(((
бир милионду кобойтот деген умутум чон.
Элем Айсулууга
2.Азербайжан
3.Кытай
3.Болгария алдыго