super.kg logo

Кочкор районунда айыл тургуну казып салган жолдогу дөңсөө оңдоло элек

 
Дөңсөөнү айылдын жашоочусу өз билемдик менен казып салган
Айыл жолунун чуңкурлары жамалып, бирок бузулган дөңсөө оңдолбой калган
Айыл жолунун чуңкурлары жамалып, бирок бузулган дөңсөө оңдолбой калган

Кочкор районунун Исакеев айылында жергиликтүү жашоочу казып салган жолдогу дөңсөө оңдоло элек. Маалыматты 18-августта аталган айылдын тургундарынын бири тастыктады. Айтылгандарга таянсак, жолчулар Исакеев көчөсүндөгү жол чуңкурларын жамап кетишти, бирок коопсуздук үчүн коюлган дөңсөөнүн бузулган тарабы оңдолбогон боюнча калды. Аталган айылды карамагына алган Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов SUPER.KG порталына бул боюнча кабардар эмес экенин, маселени тактап, кошумча маалымат берерин билдирди.

Эскерте кетсек, Кочкор районунун Исакеев айылындагы Исакеев көчөсүнө коопсуздук үчүн коюлган жол дөңсөөлөрүн айыл тургуну өзүм билемдик менен казып салганын 6-августта жергиликтүү тургун маалымдаган. Мындан кийин айыл өкмөт башчысы казылган дөңсөө 3 күндүн ичинде оңдолорун убадалаган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: