Таласта мамлекеттик чек араны бузган эки адам кармалды
Таласта мамлекеттик чек араны бузган эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки кыргыз жараны 17-август күнү Манас районунун аймагында чек арачылар тарабынан кармалган. Алардын айтымында, Казакстанда иштеп, кайра Кыргыз Республикасына келе жатышкан. Алар көзөмөл-өткөрүүчү жайдан эмес, башка жерден өлкө аймагына өтүп, мамлекеттик чек араны бузушкан.
Учурда бул боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган эки жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.