Ош шаарындагы мушташ тууралуу маалымат иликтенип жатат

Ош шаарындагы мушташ тууралуу маалымат иликтенип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
“16-августтан 17-августка караган түнү милиция кызматкерлерине бир канча телефон чалуулар болгон. Анда Курманжан датка кичи районунда балдар чогулуп, ызы-чуу болуп жатканы тууралуу айтылган. Патрулдук милиция ал жерге барганда эч ким жок болгон. Азырынча эч ким арыз менен кайрыла элек. Мушташ тууралуу маалымат иликтенип жатат”, - деди Замир Сыдыков.
Ал эми жергиликтүү тургундар жүзгө жакын баланын ортосунда мушташ болгонун жана эки-үч жолу куралдан ок атылганын айтышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ошондо ата-энелерге бираз акыл кирип кеч кочого чыгарбай калат...