super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев Япониянын элчиси менен шайлоо процесстеринде шайлоочуларды идентификациялоону жакшыртуу боюнча кызматташууну талкуулады

 

Бүгүн, 18-августта Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Япониянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Ёсихиро Ямамуру менен жолукту. Жолугушууда эки тарап шайлоо процесстеринде шайлоочуларды идентификациялоону жакшыртуу боюнча мындан ары кызматташууларды талкууга алышты.

Тайырбек Сарпашев парламенттик шайлоолорду жүргүзүүдө көрсөткөн жардамы үчүн япон тарапка терең ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Сарпашев элчиге электрондук паспортко өтүү жана алдыдагы шайлоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу да айтып өттү. Ёсихиро Ямамура өз сөзүндө Япония Кыргыз Республикасына демократиялык өнүгүүдө жардамын аябай турганын жана кыргыз элине тийген пайдасы үчүн кубанарын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында шайлоо процессин жакшыртуу боюнча эки тараптын иш-аракеттеринин негизги кадамдарын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: