super.kg logo

Аскердик авиация күнүнө карата тик учактар кичинекей балдар менен асманга көтөрүлүштү

 
Тик учактар учуучу жайдын кире бериши.
Кичинекей балдар менен уландар гана тик учактарга кызыкпастан, чоң кишилер дагы абдан кызыгуу менен учакты карап чыгышты.
Бөбөктөр биринчилерден болуп тик учактардан орун алышты.
Тик учактар учууга даярданууда.
Тик учактар учуучу тилкеге тизилип, абага көтөрүлүүгө даярданышууда.
Учууга даяр тик учак
Тик учактар асманга көтөрүлүштү.
Эл жерде туруп кызыгуу менен тик учактарга көз салды.
Асманга көтөрүлгөн учактар алыстагандан алыстап баратышты.
Баары бир кыймыл менен эки айлампа учкан соң, тик учактардан кызыл түстөгү түтүн чыкты.
Тизилген тик учактар Кыргыз Республикасынын желегин желбирете учушту.
Тик учактар кезеги менен кайра конушту.

Бүгүн, 18-августта 23565-аскер бөлүгүнүн базасында Аскердик авиация күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Дал ушул күнү 57 жыл мурун СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын көрсөтмөсүнө ылайык, Токмоктогу окутуу-авиациялык полкунун негизинде аталган авиабөлүм түзүлгөн.

Аскердик авиация күнүнө карата салтанаттуу иш-чаранын өзөгүн тик учактардын учуусу түзүп, авиацияга кызыккан жаш балдарга тик учакка түшүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Ошондой эле техниканын түрлөрү көргөзүлүп, жаштарды мекенчил болууга үндөгөн окутуулар болуп өттү.

Аталган иш-чарада авиациянын ардагерлери кезигишип, бөбөктөргө өздөрү учуп жүргөндө асманда болгон окуялары жөнүндө кызыктуу маек курушту. Ардагерлерден тышкары КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги, Абадан коргоо күчтөрүнүн башкармалыгы, Бишкек гарнизонунун аскер кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Орусиянын “Кант” авиабазасынын өкүлдөрү катышышты.






Аскердик авиация күнүнө карата тик учактар асманга көтөрүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
18.08.2016. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
базар жок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: