Кара-Суу районунда күкүрт жана туз кислотасын сатууга аракет кылган жаран кармалды
Кара-Суу районунда күкүрт жана туз кислотасын сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган райондун 1966-жылы туулган У.М. аттуу тургуну 16-августта жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кармалган. Ал жалпы салмагы 18 килограмм 845 грамм болгон күкүрт жана туз кислотасын сатууга аракет кылган. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Айта кетсек, күкүрт жана туз кислотасын лицензиясы жок пайдалангандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.