super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Тынчтыкбек Айылчиевдин "Такси" ырынын клибине тартылабыз деген чет элдиктер учагынан кечигип калышкан

 
Клипке тартылган пакистандык бала
Клипке тартылган немис кызы

"Медиа-порталдагы" көңүл көтөрүүчү клиптердин бири - Тынчтыкбек Айылчиевдин "Такси" ырынын клиби. Тамашалуу ырда такси кызматынын айдоочусунун жумушу тууралуу ырдалат.

Тынчтыкбек Айылчиев клиптеги кызыктуу окуя тууралуу айтып берди:

"Клипке 10дон ашык адам тартылган. Алардын ичинде бир немис кызы жана пакистандык бала бар. Аларды тааныштар аркылуу тапканбыз. Башка каармандарды тарткыча убакыт өтүп кеткен. Чет элдик конокторубуз ошол күнү мекендерине учушмак экен. А мен ал тууралуу билген эмесмин. Биз ызы-чуу түшүп эле клип тартып жүрсөк, алар уялып айта албай тура беришип, өздөрүнүн каттамына кечигип калышыптыр. Тартуу иштери бүткөндө гана айтышкан. "Эрте эле айтпайт белеңер..." деп күлдүк. Биздин жумушту токтоткондон уялышкан го. Анан аларды аэропортко алып барып, билеттерин өткөрүп, баасынын бир нече пайызын кайтартышкан".

"Клиптеги бардык каармандар тааныштар эле. Пакистандык бала ролго бат кирди, ал өзү эле шаңдуу жүргөн, музыкага жакын жигит экен. Ал эми немис кызы бир аз уялгансыды", - деп кошумчалады ырчы.

Белгилей кетсек, клип былтыр жаз айларында Бишкекте тартылган.

Клипти көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.08.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул ыр бад бой субхандын таксис деген ырынын кыргызча котормосу экен ишенбесенер ошол ырды уксанар... ал ыр,клип эмес но ушинтип клиент талашшып ... крч ознор скачать этип уксанар... эл билбейт деп ойлойт тынчтык... озу изденбейби уят эле...
KaiMak түзөттү 2016-08-18 19:56:45
18.08.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KaiMak,ооа чындап эле ошондой экен азыр кордум
19.08.2016. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muradil015,я же честный )))
19.08.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле. Баары жасалма болуп кетти. Байкуш туристтерге оз зыянынарды тийгизипсинерда. Башка билет алып берсенер болмок,силерди деп кечигип жатса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: