"Иззат Артыков Олимпиадада коло медалды уткан соң допинг текшерүүдөн өткөн" дейт Улан Молдодосов





Иззат Артыков 10-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медалды уткан соң допинг текшерүүдөн өткөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.
Анын айтымында, допингге текшерүүнүн жыйынтыктары 10-20 күн аралыгында чыгат. "Иззатты коло медалынан ажыратуу боюнча кабарды окуп, ишене албай жатам. Эртең Спорт агенттигинин жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен бул маселени талкуулайбыз", - деди Молдодосов.
Айта кетсек, кыргыз спортчусу Иззат Артыковду Олимпиададан уткан коло медалынан ажыратуу чечимин Эл аралык спорт арбитраждык соту чыгарганы бүгүн, 18-августта кабарланды. Маалым болгондой, Артыков "допинг колдонду" деп айыпталып, Олимпиада оюндарынан четтетилди. Спортчунун заарасынан стрихнин заты табылган деп белгиленүүдө.
10-августка караган түнү Бразилияда өтүп жаткан "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта жеңүүчүлөр аныкталып, жыйынтыгында кыргыз спортчусу Иззат Артыков 21 спортчунун ичинен 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.
Маалымат үчүн: Стрихнин заты терапиялык дозада колдонгондо сезүү органдарын күчтөп, борбордук нерв системин дүүлүктүрүп, рефлектордук реакциясын (көрүү, угуу, даам, жыт сезүүнү) жогорулатат. Стрихнин жалпы зат алмашуу процесси төмөндөгөн учурда, бат чарчоодо, гипотониялык ооруларда, организмдин уулануусунан же инфекциянын айынан жүрөктүн иштеши начарлаганда сергитүүчү каражат катары да колдонулат.

Допингге акчасы жок биздикилердин.
Кыжжаалат болуп атым эрте тороп койбосомле болду Айсулууга да кыжаалат болуп жатам тиги уйга сыйынган индиянканын суйунгонун коруп жаман болум Айсулуу татыктууу болчу