super.kg logo

Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу иштери 21-августта аягына чыгат

 

Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу иштери 21-августта аягына чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө жумуш аяктоо алдында турат. Планга киргизилген 47-76-чакырымдагы жана 81-83-чакырымдагы 31 чакырым жолго толугу менен асфальт төшөлгөн.

"Бүгүнкү күндө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы-Корумду жолунун планга кирген 31 чакырым аралыгы толугу менен асфальтталды. Жолдун калган бөлүгүндөгү иштер Көчмөндөр оюндарынан кийин кайрадан башталат. 18-август күнү аталган жолду тапшыруу иштерин аткармакпыз, бирок алдыда дагы бир-эки күндүк жумуштар жасалышы керек. Ошондуктан жолду куруу иши 21-августта аягына чыгарылат", - деп билдирди кызматтан.

Маалым болгондой, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдалып жаткан Балыкчы-Корумду жолунун курулуш иштерине жалпысынан 1 миллиард 79 миллион сом каражат бөлүнгөн. Анын ичинен 977 миллион сому 31 чакырымга бир катмар асфальт төшөө үчүн жумшалган.

"Учурда жолго бир катмар гана асфальт төшөлдү. Экинчи катмарын төшөө Көчмөндөр оюндарынан кийин жүргүзүлөт. Жол пайдаланууга берилгенден кийин 10 тоннадан жогорку салмактагы оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилиши мүмкүн", - деп кошумчалады аталган кызмат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.08.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол Бактуу-Долонотуга чейин эле жасалып атат го. Ошондо ипподром турган жерге чейин. Корумдуга чейин эч озгоруу жок мурункудайле.
19.08.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенбей турам. Жолдун 50% эми аран бутуптур. Эптеп септеп жасап койбосо эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: