super.kg logo

Катчылык: "Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүүгө мамлекеттик кызматкерлерден акча чогултууга көрсөтмөлөр берилген эмес"

 

Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден каражат чогултуу тууралуу эч кандай көрсөтмөлөр берилген эмес. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.

"Жакында бир нече массалык маалымат каражаттарында Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүүгө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден, мектеп мугалимдеринен жана бала бакчалардын (көбүнчө Нарын жана Баткен облусундагы) кызматкерлеринен акча каражаттарынын топтолуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Республиканын облустук жана райондук администрацияларына бул сыяктуу эч кандай көрсөтмөлөр берилбегенин жана кийин да берилбей турганын маалымдайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 17-августта Нарын облусунун Нарын районунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн мектептерден акча жыйналып жаткандыгы тууралуу SUPER.KG порталына маалымат түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.08.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчанын бардыгы кочмондор оюнуна болунуп жатат деп биздин мектептин курулушу токтоп калды, жумушчулардын да маянасы берилбей калды
19.08.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анда "чондор" кочмондор оюнун шылтоолоп оз чонтокторуно иштеп жатыптыр да, ошондой болсо тем более иликтенип камалыш керек эле ошол "чондор", бирок бири да камалбайт, мени айтты дейсинер...
20.08.2016. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze74,Молодец сен кыйынсын
19.08.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кайсыл иш-чара мамлекеттик денгээлде откорулбосун, акча каражаттары чогултулуп келген. эми эле биле калгансып, ызы-чуу тушуп калганыбыз жакпайт да. кайсы эле мамлекеттик орган "ооба акча чогултуп атабыз" деп айтмак эл.
19.08.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulin, кочмондор оюнун бюджетниктер учун откопосунорбу?! Акчасы ашып ташкандар берсе жарашат, жарыбаган маянага иштеген бюджетниктерди тоноо уят эмеспи?! Ошол акча менен алардын тиричилиги аран кыбырап турса дагы эле ошолорду тонойсунар каракчыдай... Уят деген барбы? Акчанар болбосо анда неге откоросунор? Сен да бийликтин бир жеп-жутары коруносун, элди тоноп чонтогунорду толтургандан коркподунар да эч эле, байкуш жаш бала, кары-картандын акыркы нанын тартып алып... Силерге да Кудай бардыр!!!...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: