super.kg logo

Раиса Атамбаеванын катышуусу менен илимий-практикалык конференция болуп өттү

 
Биринчи айым Раиса Атамбаева (оңдо)
Биринчи айым Раиса Атамбаева жана саламаттыкты сактоо минстри Талантбек Батыралиев
КММАнын ректору, Кыргыз онкологдор ассоциацияынын төрайымы Индира Кудайбергенова
"Жардам берүү оңой" коомдук фондунун директору

Бүгүн, 19-августта “Кыргыз Республикасында балдар онкологиясында жана гематологиясында сөөк мээсин трансплантациялоо мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Аталган конференция И.Ахунбаев атындагы Мамлекеттик медициналык академиясында башталып, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында уланат.

Илимий-практикалык конференцияны биринчи айым Раиса Атамбаева ачып берип, иш-чара өзүнүн максатына жетип, жемиштүү болушун каалады. Андан соң Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев катышуучулар менен учурашып, бүгүн көтөрүлүп жаткан көйгөй абдан курч, ошол себептен ушул конференцияда ортого салынган ойлор абдан маанилүү экенин кошумчалады. Ал эми КММАнын ректору, Кыргыз онкологдор ассоциациясынын төрайымы Индира Кудайбергенова катышуучуларды тосуп алууга болгон аракеттер жасалганын белгилеп, жыйынтыктуу иш алып барууну каалады.

Конференция “Жардам берүү оңой” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, Орусия жана Казакстандын адистеринин катышуусу менен өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.08.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунчо эле бул дагы.....
19.08.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун аты аталбаса капа болуп калат бекен? Акыркы убактар Майрам Акаева боло баштады го бул дагы... Эл унута элек Майрамды....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: