super.kg logo
  Спорт  

Оор атлетика федерациясы Иззат Артыковдун анализин кайра тапшыруу суранычы менен кат даярдап жатат

 

Оор атлетика федерациясы коло медалы жокко чыгарылган спортчубуз Иззат Артыковдун анализин кайра тапшыруу суранычы менен Эл аралык допингге каршы күрөшүү агенттигине кат даярдап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, федерация Эл аралык спорт арбитраждык соттун чечимине каршы ушул эле сотко апелляциялык арыз даярдап жатат. Жакын арада агенттик жана Олимпиада комитети тарабынан комиссия түзүлүп, иликтөө жүргүзүлмөкчү.

Тыюу салынган каражатты колдонгонун спортчуга 12-августта билдиришкен. Мындан улам КРнын делегациясынын башчылары Эл аралык допингге каршы күрөшүү агенттигинин эрежесине таянып, "В" текшерүүсүн жүргүзүү суранычы менен кайрылышкан. "В" текшерүү качан гана "А" текшерүүдө допинг табылган учурда жүргүзүлөт.

"13-августта биздин көз алдыбызда спортчунун заарасы "В" текшерүүдөн өттү. 15-августта тиешелүү текшерүүлөрдүн жыйынтыгы Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан арбитраждык сотко жөнөтүлдү. 18-августта Бразилиянын сааты боюнча 13:00дө сот чечими чыгып, спортчунун медалы алынганы тууралуу кабар алдык", - дейт агенттиктин директору.

Буга катар агенттиктин расмий билдирүүсүндө төмөнкүлөр жазылган: "Спорт агенттиги Улуттук Олимпиада комитети менен бергеликте допинг колдонуулардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп келет. Агенттиктин демилгеси менен 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Кыргыз Республикасы 2010-жылы Эл аралык допинг менен күрөшүү конвенциясына кошулган. Буга катар агенттиктин "Допингге каршы күрөшүү жөнүндөгү" буйругу кабыл алынган. Анын негизинде түрдүү заттарды кабыл алып, адилетсиз жеңишке жетишүүгө тыюу салынган. Агенттиктин тиешелүү түзүмдөрү Эл аралык допингге каршы күрөшүү агенттигинин нормалары боюнча машыктыруучуларга маалымдап, аларды окутуп турат. Агенттиктин бул буйругунун негизинде, допинг колдонулган учурда жоопкерчиликти спортчу, жеке машыктыруучу, башкы машыктыруучу жана дарыгер алат".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
19.08.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Геосаясийдик кырдаалдын курмандыгы болду деп ойлойм.
19.08.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анализдери тура чыгып бир позор болсо экен ошол француздар
19.08.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tansuluu09,ошондой болсо жакшы эми бул комитеттин каалаганындай болуп калбаса экен орус спортчуларын каалагандай электен откорушту го, арты жакшы менен бутсо экен
19.08.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне болсо да убакыт коргозот.
19.08.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым колдоп жалган болуп медалыбыз калып калса экен өзүбүздө. Өкмөт акча бербесе бербей эле коюшсун бир тыйынын да кереги жок болуп турат. Бизге медал болсу болду.
19.08.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дуйнолук чемпионат болгондон кийин он жолудагы анализ тапшыртырып анан медаль бербейби алып буткондон кийин кайра алып албай
19.08.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кылышыптыр Изат озу айтыго мен допинг колдонгон жокмун деп.Изат калпчы болбосо медал кайтарылат
20.08.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу олимпиада комитенинин мүчөлөрү аракет кылып коргогулачы жалгыз медальды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: