Рио-2016: Иззат Артыковго удаа молдовалыктар да жалгыз коло медалынан айрылышты

Кайыкты калак менен шилтеп жарышууда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында коло медаль тагынган молдовалык спортчу Сергей Тарновскийдин жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ал жердешибиз Иззат Артыков сыяктуу эле "допинг колдонду" деп айыпталды. Молдованын өкүлү коло медалын 1000 метр аралыкка жарышта уткан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анын медалы тартылып алынган күндө 4-орунду ээлеген орусиялык спортчу Илья Штокаловго берилет.
Азырынча спортчунун канында кандай зат табылганы тууралуу так маалымат жок. Спортчу допинг текшерүүдөн Олимпиада оюндары башталганга чейин эле өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Стимул катары калыстык кылып жөн эле койушпаптыр жула салбай.
Америкага окшогон мамлекеттердин жарымында допинг бар болушу керек адилет текшерсе.
Кандын составында анча мынча жеген азыктардан деле чыгып калат допингдин составында бар заттар.
Олипиада комитети ыза кылдынар алсыз мамлекеттерди.
медаль алдык дер он кун суйунуп алдык да, даже он кундо биз жак