super.kg logo

Голливуддун актрисасы Эмбер Хёрд актёр Жонни Депп менен ажырашса, 7 миллион доллар кайрымдуулукка берет

 

Голливуддун актрисасы Эмбер Хёрд актёр Жонни Депп менен ажырашса, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдарды коргогон уюмдарга 7 миллион АКШ долларын кайрымдуулукка берет. Бул тууралуу "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги билдиргенин "РИА Новости" бүгүн, 19-августта жазып чыкты.

"Биздин мамилелер кумардуу болгону менен, кээде тынчы жок болчу, бирок ар дайым сүйүүгө толуп турчу", - деп билдиришкен актёрлор. Ажырашып жаткан түгөйлөр келишим түзүштү. Келишимде Хёрд ага тиешелүү каражаттын бир нече бөлүгүн кайрымдуулукка жумшай турганы жазылган.

Алар 2010-жылы "Ром күндөлүгү" ("Ромовый дневник") тасмасы тартылып жатканда таанышып, өткөн жылы февраль айында үйлөнүшкөн. Ушул жылы май айында Хёрд келишпестиктерден улам Депп менен ажыраша турганын айткан. Андан соң актрисанын жактоочулары Жонни Депп уруш маалдарында Эмбер Хёрдго кол көтөрүп жүргөнүн жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.08.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Американын "улгулуу" жашоосу, уйлонуулор, аркасынан ажырашуулар, ар кимден торолуп ата-эне мээримин корбой оскон мерез балдар. Бир карасан айбандардын, иттин жашоосу, бугун бул, эртен башкасы менен...
19.08.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тиги аял да башка Голливуд жылдыздары сыяктуу акча учун турмушка чыккан, эми ажырашуу менен бирге бир нече жуз млн $ компенсация же улуш суроодо. Анын бир чекесин кайрымдуулукка жумшайт имиш. Аны (куйоосун) тоноого жардам берсенер силерди да ыраазы кылам таризинде элден колдоо кутуп жатат... Акмакчылык...
Frunze74 түзөттү 2016-08-19 13:18:33
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: